Биз менен байланышыңыз

АКШ-Кыргызстан: таарыныч таркай баштадыбы?

Саясат | 30 Янв 2019 | 1350 | 0

Кыргыз-америка алакасы жанданат. Мындай пикирди айрым серепчилер билдирүүдө. Анткени 29-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашкан. Өз кезегинде элчи кыргыз тарап менен макулдашылган келишимдерди жандатып, мамилени жакшыртууга кызыктар экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси көтөрүлдү.

Төрага Жумабеков алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге ал Кыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыктар экендигин белгиледи.

-Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн АКШнын Өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирем. Берилген жардам мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоого жана өлкөбүздүн демократиялык негиздерин курууга зор салым кошту. Айрыкча, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) менен болгон кызматташтык өз жемишин берип келүүдө. Мындан ары да эки өлкөнүн достук мамилеси жигердүү уланат деген ишеничтемин.

Андан тышкары, Жумабеков парламенттер аралык кызматташтык маселесине да токтолуп, демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү багытында АКШнын Конгресси менен тыгыз алакада болуу маанилүү экенин кошумчалады.

Өз кезегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңеш менен болгон кызматташтыкка өзгөчө басым жасаарын билдирген.

-Борбор Азиядагы парламенттик өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстан менен бардык багыттагы алаканы арттырууга кызыктарбыз. Ал үчүн кызматташтык боюнча эки тараптуу макулдашууну кайрадан калыбына келтирүү аркылуу достук мамилени жаңы деңгээлге чыгаруубуз кажет.

Мындан сырткары жолугушууда кыргыз жарандары үчүн АКШда виза берүү маселесин жеңилдетүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси расмий Бишкек өлкө эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин эле түптөлгөн. ​Бирок мамиле Бишкектеги “Манас” аба майданындагы  Кошмо Штаттардын базасы чыгарылгандан кийин солгундап кеткени айтылып келет.

Андан кийин 2015-жылы АКШ абактагы Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгаруусу эки мамлекеттин мамилесин муздатып, кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы жетишилген келишимди жокко чыгарууга барган. Мындан улам Кошмо Штаттар Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдар ар кандай салык-төлөмдөрдөн бошотулган. Эми эки тарап мына ошол келишимди калыбына келтирүүгө кызыктар экени белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев АКШ мамилени жакшыртууга кызыктар болуп жатканда кыргыз тарап мүмкүнчүлүктү пайдалануусу керек деп эсептейт.

-АКШ элчиси төрага менен жолугушуусу жакшы болду. Себеби Америка тарап өздөрүнүн оюн айтты. Кыргызстан менен кызматташууга жана ар дайым жардам берүүгө  ниети бар экенин билдирди. Ошондуктан биз тарап дагы ушундай демилге болуп, сөзсүз мамилени мындан ары дагы жандандырыш керек. Анткени Америкадан бизге көптөгөн гранттар келип турган. Азыркы тапта көпттөгөн кыргыз жарандары Кошмо Штаттарында иштеп жүрөт. Андан сырткары окуп жүргөн студенттерибиз бар. Мамилени жандандырууда жакшы иш алып баруубуз керек. Мындан кыргыз тарап утушка эле ээ болуп, башка зыян көрбөйт.

Көптөн бери эле Кыргызстан менен АКШнын кызматташтык жөнүндө жаңы келишимдин долбоору жазылып бүткөнү айтылып келет. Аны эки жактуу тиешелүү жетекчилер өз ара талкуулап жатышканына көп болду. Аталган келишим долбоору Жогорку Кеңешке жете элек.

Саясат талдоочу Чынара Эсенгул эки өлкөнүн мамилесин калыбына келтирүүгө биринчи кадамдар жасалууда деп эсептейт.

-Парламенттик демократиянын өнүгүүсү, аны дин менен айкалыштыуу жана башка тармактар боюнча Америкадан тажрыйба алууга болот. Муну биздин жетекчилер да түшүнүп жатат. Жолугушууну эске алганда биринчи кадамдар деп түшүнсөк болот. Мамилени калыбына келтирүүгө көптөн бери эле сүйлөшүүлөр болуп жатат. Башкы келишим боюнча иштеп жатканын билемин. Убакыт деле келип калды.

Деген менен, Кыргызстан АКШ менен мамилени жаңы деңгээлге чыгарууга өз алдынча чечим кабыл албай турганын Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз бийлиги толугу менен Кремлден көз каранды. Эгерде Орусия Кошмо Штаттар менен мамиле түзүүгө уруксат берсе, алака ордуна келет. Каршы болсо мурдагыдай эле АКШ жана Европа менен улуттук кызыкчылыкка жооп берген мамиле түзө албайт.

-Азырынча Орусия Кыргызстанга АКШ менен өз алдынча мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк бере элек.  Анткени Кремлдин АКШ жана Европа өлкөлөрү менен мамилеси күндөн күнгө начарлап жатат. Учурда алакаларды жакшыртуу деген ой жок. Ошондуктан бизге дагы мүмкүнчүлүк бербей жатат. Кыргызстан эки тараптуу келишим түзбөй турган болсо анда экономикадагы абалыбыз, технологияда, билим берүүдө, медицинада балчыктан чыга албаган, жаңы нерселерди киргизе албаган мамлекет катары кала беребиз.

Кошумчалай кетсек, АКШнын Бишкектин «Манас» аэропортундагы «Ганси» аскердик базасы 2013-жылы чыгарылган. Ошондон бери кыргыз-америка ымаласы солгундай түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM