Биз менен байланышыңыз

Депутаттын «атагын» арттырган атышуу

Саясат | 29 Янв 2019 | 696 | 0

Токмоктогу атышуудан жабыркаган жаран президентке жардам сурап кайрылды. 

25-январь күнү Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилик менен алектенген топ катышкан атышуу болгону жергиликтүү басылмалардын биринде кабарланды. Анда Жогорку Кеңештин депутаты, «Чемпион» лакабы менен таанымал Урмат Самаевдин тууганы делген Дастан жана Кубан аттуу жарандар аймакта ишкердик кылган. Тагыраагы, аткезчилик менен алектенгени айтылган. Алар тараптан Аскат жана Бахтияр деген жарандарга тапанча менен атып кетишкени кабарланат. Бирок окуя кандайдыр бир себептен үстү жабылып, күч түзүмдөрү чара көргөн эмес.

28-январда гана денесинин бир нече жерине ок жеген жаран президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жолдоду.

Анда аны аткан Самаевдин жакындары экенин, ал ИИМ жана УКМКнын жооптуу кишилери менен сүйлөшүп ишти жаптырганын жана өзүн коркутуп арызданбоону талап кылган. Ошондой эле Самаев тараптан өмүрүнө кол салуу коркунуч бар экенин айткан.

Токмокто чек арада иштеп жатсак, бизди «иттей» кылып атып кетишти. Же ооруканага жата албайсың, же милицияга кайрыла албайсың. Анткени Жогорку Кеңештин депутаты Самаев кайрылганда эле иштин баары жабылып калып жатат. Канчалаган иштерди көрдүк. Урмат Самаев өзү менен ИИБ алып келген. Унаамдын дөңгөлөктөрүн жарып кеткен. Азыркы тапта Бишкекке качып келип батирде жан калкалап жатам. Ошондуктан сизге кайрылбаска аргам калган жок.  

Ал арада видео кайрылуу жасаган жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинин башчысы Самат Курманкулов маалымат жыйынында билдирди. Окуя «бейбаштык» беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө алынууда.

Анын ичинде ысымы аталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев дагы суракка чакырылганын журналисттерге айтты.

Түндө өткөрмө бекеттен видеону алдык. Бирок ал жерде Самаев жок. Самаевдин өзүн Токмок ШИИБ чакырдык. Келди. Тийиштүү суроолорду бердик. Ал тийиштигин жок деп айтты.

 Чек ара кызматы окуя болгон күнү «Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинде атыш болбогонун, бирок ага жакын жерден чек арачылардан жардам сурап бир жарандын кайрылганын кабарлады. Бирок эки мүнөттөн соң гана кайрылган жаран ал жерден кетип калган.

Бул окуяга шектүү катары ысымы атылып жаткан Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урмат Самаевге байланышууга мүмкүн болгон жок. Мындан улам фракциялашы Алмазбек Баатырбековдон маалымат алдык.

Бизге берген маегинде фракция лидери Самаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, атышкан эки топтун бири алысыраак тууганы болгону тууралуу айтып берди.

Урмат Самаев тууралуу маалыматты интернеттен окудум. Дароо Самаевдин өзүнө телефон чалдым. Сүйлөшкөнбүз. Ал жерде бул окуяга таптакыр тиешеси жок экенин айтты. Азыр журналисттер эле тийиштиги бар деп чыгарып жатыша. Ал эми видео аркылуу президентке кайрылган бала укук коргоо органдарынан качып жүрөт. Мага жеткен маалымат боюнча ок атышкан эки жакта тең жабырлануучулар бар. Ошолордун бир тарабы Урмат Самаевге алысыраак тууган экен. Ошонун артынан эле Урмат Самаевдин тийиштиги бар болуп чыгып калууда. Бул окуяны органдар толук иликтеп чыгып, чекит коюшу керек.

Самаев 1986-жылы 25-майда Чүй районунун Он бир жылга айылында төрөлгөн.

2004-2012 — Каракол шаарындагы Юридикалык академияда юриспруденция факультетин бүтүргөн;

2006-2007 — Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде бокс боюнча тренер;

2012-2015 — Токмок шаардык кеңешинин депутаты;

2016-жылдын январынан тартып Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келет.  Бирок парламентте көрүнбөгөн депутаттардын катарында экенин коллегалары жашырбайт.

Мамлекеттин мыйзам чыгаруу бийлигинде отуруп, былык иштерде депутаттардын ысымдары аталып жатканы бийликтин элге болгон ишенимин кетиргенин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков айтып, депутаттык корпуска тандоо системасына өзгөртүү киргизүү керек деген сунушун берүүдө.

Депутат болуп келип жатканда аларды тандоо дээрлик жок болуп жатат. Акчалуу адамдар аны кандай жол менен тапканы жөнүндө маалымат жок. Мына ушундай адамдар парламентке келип, ушундай окуялар өкүм күрүп жатат. Бул көрүнүш мындан кийин дагы боло бериши мүмкүн. Ошондуктан келерки 2020-жылга жаңы мыйзамдарды кабыл алуу керек.

Эске сала кетсек, буга чейин ушул эле Кыргызстан фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы Казакстанда жүргүзүлгөн атайын операцияда кармалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM