Биз менен байланышыңыз

Баткенде гемодиализ борбору ачылды

Коом | 29 Янв 2019 | 840 | 0

Баткен районунун тургуну Равшанбек Назиров 2 жарым жылдан бери бөйрөк оорусуна чалдыгып, гемодиализ апараты аркылуу канын жасалма жол менен тазалатып келет. Буга чейин облуста мындай аппарат жок болгондуктан Ош шаарына барып дарыланчу. Үй-бүлөсү менен Ошко көчүп барып, биртоп чыгымга учурап түйшүк таркан. Эми мынтип Баткен шаарына да ачылып, гемодиализ аппаратына муктаж жарандарга жакшы мүмкүнчүлүк болду деп, кубанып турган чагы.

-Мен 2 жарым жылдан бери бөйрөк оорусу менен ооруйм. Бизде мындай аппарат жок болгондуктан, Ош шаарына барып дарыланып жаткам. Үй-бүлөм менен көчүп барып, батирге акча төлөп, кыйынчылык тартып келгем. Эми мына бизде да ачылып аябай жакшы болду. Өзүбүздүн жерибизде, үйгө жакын болуп жакшы болуп калды.

Баткен шаарындагы кыргыз-түрк «Саламат-Баткен» гемодиализ борбору жеке ишкерлердин жана медицина тармагында иш алып барган түрк компаниянын биргелешкен демилгеси менен ачылды. Ал үчүн жалпы 200 миң АКШ доллар каражат сарпталган. Демилгечилердин төрагасы Дамирбек Осмоновдун айтымында, учурда ооруканада 5 гемодиализ аппараты иштеп жатат.

-Борборду бейтаптар өзүнүн элинде, өзүнүн жеринде дарыланышсын деп ачтык. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бул жердеги дарыгер, медайымдарды да ушул облустун тургундарынан тандап алдык. Атайын Бишкек шаарына барып, 2 ай окуудан өтүп келишти.

Баткен облусунда 50гө жакын адамдын бөйрөгү иштебей гемодиализ аппаратына түшүп жан сактап келүүдө. Облуста буга чейин гемодиализ кабинети жок болгондуктан алардын көбү Ошко же борбор калаага кетүүгө мажбур болгон. Эми алар алыска барып убара тартпай, бул жерден даарыланууга болот. Ал үчүн Түркия мамлекетинен гемодиализ аппараттары алынып келинип, бейтаптардын дарылануусу үчүн баардык шарттар тузүлгөнүн оорукананын башкы дарыгери Самарбек Иматиллаев айтты.

Биздин борборго  жалпысынан 56 бейтап катталган. Дагы такташтырып жатабыз. Бул жерде күнүнө 15 бейтапты дарылаганга мүмкүнчүлүк бар. Ар бир бейтап 4 сааттан дарыланат. 5 аппарат иштеп жатат. Биринчи этаптагылар дарыланып бүткөн соң, аппарат жарым саатта өзүн-өзү тазалайт. Анан экинчи этаптагы бейтаптарды дарылайбыз. Ошентип 3 этапка чейин бейтаптарды кабыл алабыз.

Гемодиализге муктаж болгон бейтаптар бир жолкусуна 5500 сом төлөшөт. Эгер бейтап Милдеттүү медициналык фонду тарабынан камсыздандырылган болсо, анда ал 550 сом гана төлөйт. Бул да болсо мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн ортосундагы жакшы долбоор болуп саналарын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Баткен облусуна болгон жумушчу сапарында айтты.

-Бул жерде мамлекет тарабынан 5500 болгон төлөмдүн 4700ү мамлекет тарабынан төлөнөт. Мамлекет өзү курбаса дагы бейтаптын негизги каражатын төлөп жатат. Демек, мындай ыкма бизнес, мамлекет жана бейтап үчүн да ыңгайлуу.

Акыркы жылдары өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын саны жыл санап өсүүдө. Учурда Кыргызтанда 15тен ашуун гемодиализ борборлору бар. Ал эми Баткен шаарында ачылган гемодиализ борбору жеке ишкерлер тарабынан ачылган облустагы 2чи борбор болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM