Биз менен байланышыңыз

Жумабеков АКШнын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 588 | 0

Бүгүн, 29-январда парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Жумабеков Кыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле АКШ өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, өзгөчө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) менен болгон кызматташтык өз жемишин берип жаткандыгын белгиледи.

Андан тышкары парламенттер аралык кызматташтык маселесине да токтолду.

Мыйзам чыгаруу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө, эң башкысы демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү багытында АКШнын Конгресси менен тыгыз алакада болуу биз үчүн өтө маанилүү. Демократия үчүн өнөктөштүк» комиссиясынын жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да байланыштарды чыңдообуз кажет” – деди Жумабеков.

Дональд Лу элчилик ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңеш менен болгон кызматташтыкка басым жасаарын кошумчалады.

Мындан сырткары жолугушууда кыргыз жарандары үчүн АКШда виза берүү маселесин жеңилдетүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Copyright © 2017 Maral FM