Биз менен байланышыңыз

Facebook өз өмүрүнө кол салуу мазмундуу сүрөт, видеолорду чектейт

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 677 | 0

Facebook социалдык желесинде мындан ары өз денесине зыян берүү жана өз өмүрүнө кол салуу сыяктуу терс көрүнүштөр: сүрөт, видеолорго чектөө киргизилет. Бул тууралуу компаниянын жетекчисинин жаңы орун басары, Англиянын мурунку вице-премьер-министри Ник Клегдин сөзүнө шилтеме берип BBC жазды.

Маалыматка ылайык,  Англиянын Саламаттыкты сактоо министри Матт Ханкок социалдык түйүн ушул сыяктуу зыяндуу көрүнүштөрдү чектебесе, анын өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салуу маселесин карарын жарыялаган. Буга байланыштуу компания жогорудагыдай сүрөт, видеолорду бозортуп, көрсөтпөй же такыр жеткиликсиз кылып коюу чараларын ишке киргизмекчи.

Буга чейин Британияда социалдык желеден өз өмүрүнө кол салгандардын видеолорун көргөн соң депрессияга кабылып, жанын кыйган өспүрүм жана жаштар катталган.

Кошумчалай кетсек, Ник Клег Facebook компаниясына кызматка келери менен дагы бир маселени козгоду-компания салыкты жалаң гана АКШга эмес, башка өлкөлөргө да төлөшү керек. Себеби анын колдонуучулары Америкага караганда башка өлкөлөрдө көп.

Copyright © 2017 Maral FM