Биз менен байланышыңыз

Түркиянын экс-президенти Абдулла Гүлдү өлтүрүүгө аракет болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 896 | 0

Түркиянын 11-президенти Абдулла Гүлдү өлтүрүүгө аракет болушу мүмкүн. Мамлекет тарабынан берилген унаасынан ар түшкөнүндө мас сыяктуу болуп жатат. Унаа жүргөндө жагымсыз жыт каптап, баш ооруну пайда кылууда.

Бул тууралуу Гүлдүн жубайы Хайруниса Гүлдүн сөзүнө таянып Sputnik turk жазып чыкты.

Ушундай эле жүйө менен Абдулла Гүл өзү дагы унаасын дезинфекция кылдырган. Андан кийин деле жыт кетпей койгондо жубайы жардамчыларына унааны ар дайым караган устаканага эмес, башка жерге караткан. Алар машиненин кондиционерин алмаштырганда жыт такыр жоголгон.

Кызыгы, уста акысынын чегин президенттик аппараттын  бухгалтериясына алып барганда «Кызматташпаган бейтааныш устакананын кызматына биз төлөп бербейбиз»,-деген жоопту беришкен.

Окуяны коомчулукка жарыялаган «Миллийет» гезитинин журналисти Талат Атилланын макаласы жарык көргөн күндүн эртеси сайттан алынды.

Эске салсак, Абдулла Гүл менен учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган бир партиядан (AK Parti) чыгып, бийликке келүүдө эриш-аркак жүрүшкөн. Бирок Гүл, соңку жылдардагы Эрдогандын бийликти өз колуна топтоп, президенттик  башкаруу формасына өтүүсүнө каршы чыгып, парламенттик башкарууну тандады. Ошондой эле 2016-жылдын 15-июлунда уюштурулган «аскердик төңкөрүш аракетине» шылтап өзгөчө кырдаал абалында жүз миңдеген бейкүнөө жарандарын иштен алып, каматып жана ар түрдүү кысымдарга алганын демократиянын принцибине каршы, мыйзамды бурмалоо деп баалады.  Бул жагдайлар Гүл-Эрдоган «бир туугандыгын» соңуна чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM