Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Бажыдагы аткарылбаган план үчүн төрагасы жооп бериши керек

Күн чекит | 28 Янв 2019 | 1030 | 0

Бажы кызматы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды 5,3 пайызга аткарган жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында ведомствонун төрагасы Алмаз Оңолбеков билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2018-жылы 41,7 млрд. сом чогултулган. Баштапкы план боюнча 39,8 млрд. сом деп берилген.

Төлөмдөрдүн аз жыйналуусунун негизги себептерин жана жетекчинин жоопкерчилик маселесин «Күн чекит» программасында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен талкууладык.

Марал:-Марлен мырза, төлөмдөрдүн аз түшүү негизги себебин эмнеден көрүп турасыз?

  Маматалиев: -Өкмөт өткөн жылга карата планды толук аткаралбай калды. Бир эле Бажы кызматы эмес, бул жерде Салык кызматы дагы бар. Жылдын аягында планга өзгөртүүлөрдү да киргизишкен эле. Ал жерде бажы жакшы иштеп келе жатат деген жүйө менен 3 млрд сомго көтөрүшкөн. Салык кызматында тобокелдиктер бар деген негизде 4 млрд сомго түшүргөн. Бирок салыктан 2 млрд, бажыдан 1,5 млрд сомдук план аткарылбай калды. Мунун ар кандай себептери айтылып жатат. Бирок план сөзсүз аткарылууга тийиш. Биз да комитетте бул маселени карап, кийинки аптага жылдырдык. Алдыда кайсы себептерден улам аткарылбай калганы тууралуу толук маалымат алабыз.

Марал:-Эми жетекчинин жоопкерчилиги каралышы керекпи?

Маматалиев:-Бул жерде жетекчилердин түздөн түз жоопкерчилиги каралышы керек. Алар пландын аткарылбай калганын өз мойну менен жооп бериш керек. Катуу чара көрүү үчүн аларды жумуштан алуу керек.Башка чара көрүлбөш керек. Ошондой эле жумуштан алуу аймактагы жетекчилер менен токтошуна кармышын. Бул борбордук аппаратта болууга тийиш. Түздөн-түз Оңолбеков жооп бериш керек.

Марал:-Бажы төлөмдөрүн арттыруунун кандай жолдору бар?

Маматалиев:-Ошол эле Бажы кызматынын алалы. Бизде көмүскө экономика деген бар. Бул кызмат ошонун артынан иштеш керек. Анын ИДПга түзгөн пайызы 50. Кытайдан чыккан товар тууралуу Кытай берген маалымат менен алардын берген маалыматы менен биздикиники эки башка. Айырма дагы чоң. Ушунун артына түшүш керек. Эң эле оптималдуу вариант электрондук системаны киргизүү. Ошондо гана коюлган пландар ашыгы менен аткарыла баштайт. Анткени компьютерди алдоо мүмкүн эмес.

Марал:Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM