Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдү улутташтыруу көйгөйү кайра козголду

Саясат | 28 Янв 2019 | 774 | 0

Кумтөр келишимин денонсациялоо жана кенди улутташтыруу үчүн эки жумалык коомдук талкуу башталды.

Бишкекте «Кумтөр» тууралуу келишимди денонсациялоо жана кенди улутташтыруу маселеси кайрадан талкууга чыкты. Ал өткөн жылдын 24-ноябрында Элдик курултайда кабыл алынган чечимдерди аткаруунун негизинде көтөрүлүп жатканын Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саясатчы Азимбек Бекназаров айтууда.

Анын кабарлашынча, алдыдагы эки жума бул маселе жалпы элдик талкууга коюлат жана кол топтоо башталат.

Бул маселе боюнча 24-ноябрда 47 саясий уюмдун чечими алынган. Жаңы жылга чейин өкмөт денонсация ишин баштабаса, элдик демилге менен жогорудагы уюмдар мыйзам долбоорун даярдап, ал ишин баштасын дегенбиз. Мына белгиленген мөөнөттө иш башталган жок. Анан курултайдын чечимин өзүбүз аткаруу аракетин баштадык.   

Кумтөр келишимин денансациялоого макул болгону менен улутташтырууга каршы тарап дагы болду. Жогорку Кеңештин V чакырылыштын депутаты Эркингул Иманкожоева улутташтыруу маселесин эмес, экологиялык чыгымдарды Центеррага төлөтүү жагын чечип берүүнү кароо сунушун берди. Бүгүнкү күнү алтын казылып алынган жерлерде кырдаал оор бойдон турат. Ошондуктан коллегаларын бул жагдайларга көңүл бурууга чакырды.

Мен улутташтырууга каршымын. Эгер азыр улутташтырабыз деп ал компанияны кууп чыгарсак, эч нерсе утпайбыз. Тескерсинче, уттурабыз. Азыр кен казылган жерде экологиялык бузуулар абдан көп. Апаат болушу мүмкүн. Ошондуктан экологияны калыбына келтирүү талабын канадалык компаниянын алдына коюшубуз керек. Ошондуктан жөн эле кое беребиз деген туура чечим эмес.

Ал эми Кыргызстандагы тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрага орун басары  Дүйшөнбек Камчыбеков саясатчылар айтып жаткан маалыматтарга дыкат изилдөө керек экенин белгилейт. Анткени бүгүнкү күнү Кумтөр кенинде алтындын запасы 300 тонна эмес 90 тонна гана болушу мүмкүн. Андыктан эсептөөлөрдү туура жана так жасап, андан соң гана улутташтыруу маселе көтөрүү керек деп санайт.

Биз эгер улутташтыруу маселесин койсок, биринчи кезекте экономикалык эсептөөлөрдү коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө 7 млрд сомдук гана экологияга зыян алып келген деген гана доону коё алганбыз. Бүгүнкү даярдалган негиздеме чийки болуп турат. А бирок биз Кумтөрдүн кийинки тагдыры эмне болот деген маселени көтөрүшүбүз керек. Себеби алтындын запасы түгөнөт.

А бирок Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кумтөр боюнча келишимди денансациялоодон же улутташтыруудан Кыргызстан утпай турганын айтууда. Бизге берген маегинде өкмөттүн дарамети жок маалда үлүш маселесин гана такташып алуу пайдалуу болорун төмөнкүчө билдирет.

Албетте, өкмөт адистер, техникалар толук бар десе өзү иштеткени туура. А бирок аткаруучу бийликтин колунда эч нерсе жок болсо, аны улутташтыруунун кереги жок. Центерра менен иштетүүнү улантышы керек. Болгону биздин үлүшүбүз жагынан ойлонушубуз керек. Мени ынандырганы Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү даярдаган келишими болгон.

Өкмөт бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Кошумчалай кетсек, курултайдын мүчөлөрү «Кумтөр» алтын кени боюнча  макулдашууну денонсациялоо жана кенди мамлекеттин карамагына өткөрүү жѳнүндѳгү эки мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 24-ноябрда Бишкекте курултай өтүп, анын соңунда «Кумтөр» кенин мамлекеттештирүү боюнча талаптар коюлган.

 

Copyright © 2017 Maral FM