Биз менен байланышыңыз

«Стадиондон мурда көп функционалдуу спорт ордосун куруш керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 715 | 0

«Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков “Марал” радиосуна берген маегинде өлкөдө футбол стадионунан мурда көп функционалдуу спорт ордосун куруу зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы замандын талабына жооп бербей калган. Андыктан универсалдуу спорт ордосун салуу зарыл.

«Жалаң гана мелдеш эмес, эл аралык деңгээлдеги маданий иш-чаралар, саясий съезддер өткөн көп функционалдуу имарат куралы деген ой кеткен. Аны колдоочу компаниялар дагы чыккан. Мындай мекеме салууга ишканалардын күчү жетет. Анткени жаңы спорт ордосун куруу үчүн 20 млн доллардай каражат керек. Ал эми футбол стадиону үчүн болжолдуу 150 млн доллардай каражат кетет. Стадион эл аралык талаптар шайкеш келип, коопсуздук камсыздалышы зарыл. Жаңы стадиону куруу үчүн түзүлгөн жумушчу топ учурда жер карап, ошого жарага долбоор түзүшү керек. Стадиондун баасы ошого жараша эсептелип чыгат. Андан ары кеңешебиз», — дейт Салымбеков.

Ал буга кошумча, өлкөдөгү «Кумтөр», «Билайт, «О!», «Кока-кола» сыяктуу ири компанияларды колдоо көрсөтүүгө үндөш керек экенин белгиледи. Мындан сырткары, мамлекеттеги курулуш компаниялар дагы социалдык долбоорду ишке ашырууга салым кошсо жакшы болорун айтты.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө Футбол федерациясы менен биргеликте Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM