Биз менен байланышыңыз

2018-жылы Кыргызстандын карызы 4,4 млрд долларды түздү

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 512 | 0

2018-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд. долларды түздү. Бул тууралуу Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Министрдин берген маалыматына ылайык, 2018-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд. долларды түзгөн. Анын 85,7 пайызы тышкы карыз болсо, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат. Ошондой эле мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жыл ичинде 23,7 млрд сом жумшалган.

«Өткөн жылы мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча түшкөн каражат 19,6 пайызды түзүп, план 75,8 пайызга гана аткарылды. Анын ичинде гранттар – 5,7 млрд. сом, насыялар – 9,2 млрд. сом,» — деп билдирди министр.

Жээнбаева мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жумшалган каражаттын 7,1 миллиард сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 миллиард сому негизги карыздарды жабууга которулганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM