Биз менен байланышыңыз

Орусиялыктардын кирешеси удаасы менен бешинчи жыл түшүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 535 | 0

Орусиялыктардын жылдык кирешеси беш жыл удаасы менне төмөндөп баратат. Бул тууралуу Росстат мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Эксперттер кирешени үч негизги көрсөткүчкө карап эсептешкен: айлык акы, пенсия жана чакан бизнес.

Комитеттин эсеби боюнча орус жарандарынын 2018-жылдагы кирешеси мурунку жвлга салыштырмалуу 0,2 пайызга азайган. Буга эң көп чакан бизнестердин азайып, кирешесиз калуусу себеп болууда.

Мыйзам боюнча өкмөт пенсиянын көлөмүн өткөн жылдын инфляциялык көрсөткүчүнө жараша көтөрүүсү керек болчу. Бирок 2017-жылы 12%га өскөн инфляцияга карабай пенсияга 4% гана кошулган. Мындай жол менен мамлекеттик бюджетке 850 млрд рубль үнөмдөп калышкан.

Ошентсе да Кремль тургундардын кирешеси бул жылы 0,5 пайызга өсөрүн прогноздоодо.

Эске салсак, 2014-жылы Крымдын Орусияга өтүүсү менен башталган экономикалык блокадалар өлкөнү бир кыйла алсыратты. Өзгөчө бул инфляциянын таасири менен социалдык-экономикалык абалдын начарлашынан байкалууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM