Биз менен байланышыңыз

Президент Түркиянын башкы соодагери менен жолугушту

Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 765 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Туркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар союзунун башчысы Рифат Хасаржыклыоглу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

«Биздин түрк тарап менен соода-экономикалык байланышыбыз артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Учурдагы  мамилебиз эки тараптуу ишеним, орток пайда жана өнүгүп жаткан тыгыз байланыштар менен мүнөздөлөт»,-деди мамлекет башчысы.

Р.Хисаржыклыоглу болсо эки өлкө ортосундагы транспорт жана логистикалык инфраструктураны модернзациялоо жаатындагы кызматташтыктарды жандантуу, өндүрүштүк зоналарды куруу жана орток долбоорлорду иштөө мүмкүнчүлүктөрү кенен экенине токтолду.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн ортосунда энергетика тармагында да кызматташуунун потенциалдуу экенин бклгиледи.

Мындан сырткары президент Жээнбеков, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык, транспорт, тоо-кен жана башка тармактардагы кызматташтык эки тараптуу макулдашуунун негизинде гана алып барылса бекемделерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM