Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан дүйнөгө пайдалуулугу боюнча 69-орунда

Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 490 | 0

Кыргызстан дүйнөлүк адамзаттын жакшылыгына тийгизген таасири боюнча 153 өлкөнүн ичинен 69-орунда. Бул тууралуу өлкөлөрдүн рейтингин The Good Country Index жарыялады.

Эксперттер мамлекеттерди 30 түрдүү параметр боюнча өлчөшкөн. Негизинен БУУ, ЮНИСЕФ жана Эл аралык валюта фонду сыяктуу уюмдардын берген маалыматтарын эске алышкан.

Аталган рейтинг бир өлкөнүн өзүнүн көлөмүнө жараша адамзаттын орток кызыкчылыгына кандай салым кошорун аныктайт. Түзүүчүлөр алгач эң көп пайда келтирген өлкөлөрдү тизмектесе, кийин пайдасынан зыяны көп элдердин тизмесин чыгарган.

Тизмеде Кыргызстан ортодогу өлкөлөрдүн катарында орун алган. Жаратман товарларды экспорттоодо 99-орун, кайрымдуулукта 99-орун, экономиканын көломүнө карата экологиялык абалы боюнча 97-орунда турган.

Ал эми соода-сатыктын ачыктыгында 63-орун, өлкөдөгү чет элдик студенттердин саны боюнча 67-орунда экени маалым болду.

КМШ өлкөлөрүнөн Орусия 41-орун, Беларусия-54, Украина-75, Казакстан болсо 105-орунда болуп чыкты.

Дүйнө коомчулугу үчүн эң пайдалуу өлкө деп Финландия, Ирландия жана Швеция аталса, эң пайдасыз деп Ирак, Ливия жана Йемен таанылды.

Copyright © 2017 Maral FM