Биз менен байланышыңыз

Орусиядан Украинага импорттун көлөмү өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 551 | 0

2018-жылдын январынан декабрына чейинки 11 айдын жыйынтыгы боюнча, Орусиядан Украинага импроттолгон товардын көлөмү 7,4 млрд долларга жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17% көп. Бул тууралуу Риа новости жазды.

Ошол эле учурда Украинадан Орусияга экспорттолчу товардын көлөмү 3,3 млрд долларды түзүп, ал мурунку жылга салыштырмалуу 11%га азайган.

Орус-украин соода-сатыгынын жалпы көлөмү төрт жыл мурункуга салыштырмалуу 4,7 млрд долларга аз. Мындай артка кетүү эки өлкө ортосундагы саясий конфликттерден улам киргизилген санкциялардын натыйжасында келип чыгууда.

Акыркы жылы Москва украиналык бир катар ири секторго чектөө киргизип, негизинен кондитердик азыктар, ун, май, спирт ичимдиктери жана консервацияга санкция салган. Өндүрүш товарларынан айыл чарба техникаларына, кагаз-картондорго, эмерек жана унаа тетиктерин импорттоого чектөө киргизген.

Эске салсак, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык согушу 2014-жылдагы Крымдын аннекцияланышына байланыштуу, 2015-жылдан тарта уланып келүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM