Connect with us

Украина Орусия менен достук келишимин расмий түрдө бузду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 865 | 0

Украинанын парламенти Жогорку Рада бүгүн «Орусия менен достук жана кызматташтыкты токтотуу тууралуу» мыйзамын кабыл алды. Эми бул мыйзам эртең, 12-декабрдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу «Голос Украины» басылмасы жарыялады.

«Жогорку Рада токтом кылат: 2019-жылдын 1-апрелинен тарта Украинанын Орусия менен болгон достук, кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишими токтотулсун. Буга ылайык мындан ары Украина келишимди аткарууга байланышкан жоопкерчиликтен кутулат жана бул буга чейинки Украинанын укуктук абалына таасирин тийгизбейт»,-деп айтылат долбоордун текстинде.

Буга чейин украин парламенти 2019-жылдын 1-апрелинен тарта Орусия менен кызматташтыкты улантпоо мыйзамын кабыл алып, ага президент Петр Порошенко кол койгон болчу.

Эске салсак, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине 1997-жылы Киевде кол коюлган. 1999-жылы күчүнө кирген келишим 10 жылга белгиленип, мөөнөтү бүткөндө каршылык жок болсо автоматтык түрдө кийинки он жылдыгына өтүп кете бермек. Аталган келишим Орусия-Украина стратегиялык өнөктөштүгүнүн негизги документи болчу.

Copyright © 2017 Maral FM