Биз менен байланышыңыз

Башка өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүү 6,2% га өстү

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 698 | 0

Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсү 6,2% га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

2018-жылдын январь-ноябрь айларында сырткы сооданын көлөмү 5 млрд 968 млн долларды түздү. Бул 2017-жылдын ушул айларына салыштырмалуу 6,2 пайызга көп.

Экспорт 0,8%га жогорулап, 1,5 млрд долларга чейин жеткен, ал эми импорт 8,2% га жогорулаган. Товар айлантууда экспорт 26%ды, импорт болсо 74 % түздү. Ошондой эле товар  айлантуудагы терс баланс 2,9 млрд доллар болду.

Товарларды экспорттоо (алтынды эске албаганда) 6,2 пайызга өсүп, 989 миллион долларга жетти.

Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен болгон жалпы соода жүгүртүү 35% ды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM