Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Өзбекстанга сооданы көбөйтүүнүн үч кадамын сунуштады

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 505 | 0

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ташкентте өткөн Борбор Азия экономикалык форумунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмдү көбөйтүү үчүн үч кадамды сунуштады.

1.Эки өлкөнүн артыкчылыктарын пайдаланып биргелешкен ишканаларды куруу.

2.Транспорттук коридорлорду, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды кеңейтүү үчүн маселелерди карап чыгуу.

3.Эл аралык транзиттик ташууларды үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн эки өлкө ортосундагы чек ара инфраструктурасын модернизациялоо.

Боронов ошондой эле Кыргызстандан бажы алымдарын жок Европага эки өлкө ортосунда  өндүрүлгөн өндүрүмдү экспорттоого  боло турганын кошумчалады .

Мындан сырткары биринчи вице-премьер-министр эркин экономикалык аймак аркылуу  Өзбекстан жана Борбор Азиянын ишкерлери менен кызматташууга даяр экендигин айтты.

Эске салсак, 15-мартта Борбор Азия өлкөлөрү – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин орун басарларынын катышуусунда Биринчи Борбор Азия экономикалык форуму болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM