Биз менен байланышыңыз

Баткенде Совет мезгилиндеги эчки чарбасы сакталып калган

Коом | 24 Янв 2019 | 1092 | 0

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында сакталып калган Тегирмен-Таш асыл тукум эчки чарбасынын короосундагы эки минге жакын эчки, тыбыт багытында багылууда. Жыл сайын 100дөн ашуун төл берип, аны менен катар тыбыт өндүрүшөт. Союз убагында түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Эчки чарбасынын башчысы Калыбай Амиракуловдун айтымында, Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы эл малды таркатпастан, элдин керегине жарайт деген максатта атайын сактап калышкан.

-Ошол убакта элдин эчкилерин таркатып берсек жок болуп кетмек. Элдин керегине жарап калар деген ойдо кармап калдык. Менде азыр айлык алып иштеп жаткан 14 киши бар. Өзүн-өзү каржылоо болгодуктан түшкөн киреше чарбалык иштерге жумшалат. Айылдын муктаждыктарына да кол кабыш кылып келебиз.

Баштап 4000 баш эчки болсо, ферма ар кандай кырдаалдарга туш болуп, азайып олтуруп 1000ге түшкөн. Акыркы эки үч жылдан бери төл көбөйүп, кайра эки миңге чукулдап калды. Эчки чарбасында апрель айында төл алынса, март айларында тыбыты таралып, чоң эчкилерден 350 грамм, ал эми улактардан 180 граммга чейин тыбыт алынат. Ошондо эчки фермасы жылына 500 миң сомго чейин киреше табат. Учурда бул жерде элде сакталып калган малды кайтарып, аны караган 14 киши бар. Алар жыл сайын мамлекетке салык төгүп, жумуш менен камсыз болуп турушат. Алар үчүн атайын акча чегерилбейт, болгон төлдөн алып калышат. Алишер Муктаров айылда жумушсуз жүргөндөн көрө жумуш менен камсыз болуп турабырын айтты.

-Атам 2000-жылдан бери иштейт. Мен 2011-жылы келгем. Ошондон бери атам экөөбүз иштйбиз. Иш жакшы. Иш жоктон көрө бар.

Мында киреше аз болгону менен, айрым элдин муктаждыгында чоң эле жардамы тийип турат. Маселен, быйыл Кызыл-Жол кварталына курулган бала бакчанын курулушуна  жетпеген каражатын беришкен. Мындан сырткары айылдагы ФАПка жылуулук сиситемасын да орнотуп беришкен. Мындай мал багуу ыкмасы райондун башка айылдарына да жпйылтса жакшы болот. Мындай пикирин Кызыл-Жол кварталынын тургуну  Мамади Акматов айтты.

— Эми муну башка жерлерге да уюштурса жакшы болот. Элге пайда болот. Мамлекеттен да колдоо болуп, мал чарбасын өнүктүрүү керек да.

Бул эчки фермасы 1996-жылы түзүлгөн. Ошол убактагы кыргыз уяң жүндүү эчки породалары учурга чейин сакталуу. Эң эле өкүнүчтүүсү, мындагы тыбыттарды кайра иштетүүчү ишкана жок. Жыл сайын базар аркылуу кытайларга сатылат.

Copyright © 2017 Maral FM