Биз менен байланышыңыз

Чек арада ок атуудан бир жаран каза болду

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 707 | 0

Бүгүн, 23-январда кыргыз-казак чек арасынын Кыргызстанга тиешелүү аймагында ок атуу катталды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аймагында 3 белгисиз адам 10-15 баш жылкыны  мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын чек арасынан Казакстанга алып өтүүгө аракет кылышкан. Чек ара кызматкерлери аларга чара көрүү учурунда мыйзам бузуучулар каршылык кылып, бычак колдонушкан. Чара көрүү жана коргонуу максатында чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан.

Бирок ага карабай мыйзам бузуучулар каршылык көрсөтүүнү улантышкан. Аргасыздан чек ара кызматкерлери алар тарапка ок атууга туура келген. Жыйынтыгында бирөө  жарадар болуп, биринчи медициналык жардам алуу учурунда каза болгон.  Калган экөө Казакстандын чек арасына өтүп издерин жашырышкан.

Учурда бул иш боюнча тергөө жана издөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM