Биз менен байланышыңыз

Тимошенко кайрадан президенттикке ат салышат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 634 | 0

Украинанын мурунку премьер-министри Юлия Тимошенконун талапкерлигин «Батькивщина» партиясы  кайрадан президенттикке жылдырды. Бул тууралуу кечээ, 22-январда Киевде өткөн партиянын курултайында жарыяланды.

«Мен Украинага мурунку даңкын, адилеттүүлүгун жана улуулугун кайтарууну көздөйм. Бул шайлоодо жеңерибизге да ишенем!»,-деди ал курултайда сүйлөгөн сөзүндө.

Украинада президенттик шайлоо 31-мартка белгиленген. Ага учурдагы президент Петр Порошенко да ат салышат. Бул шайлоо Крымдын аннекцияланып, Януковичтин өлкөдөн качканынан кийинки экинчи президенттик шайлоо болмокчу.

Эске салсак, Юлия Тимошенко 2003-жылы мурунку президент Виктор Ющенко менен бирге элдик толкундоолордун башында турган. 2005-2010-жылдар аралыгында премьер-министрлик кызматты аркалаган. 2010-жылдагы президенттик шайлоодо Виктор Януковичке, 2014-жылда болсо Петр Порошенкого утулган. Януковичтин бийлиги тушунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча үч жыл түрмөдө жаза өтөп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM