Биз менен байланышыңыз

Өмүракунов: Трамп мамлекетти твиттер менен башкарат

Коом , Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 1701 | 0

“Саресеп” коомдук-аналитикалык сайтынын башкы редактору Эсен Өмүракунов «Марал» радиосуна берген маегинде АКШ лидери Дональд Трамп мамлекетти твиттер менен башкарарын билдирди.

Анын айтмында, Трамп жашоонун баарын бизнес катары көрөрт. Андыктан эч кандай ортомчулуктарды каалабайт. Дипломатияны да, саясатты да четке кагып, эл менен түз байланышкан саясат жүргүзөт.

Өмүракунов Трамп эч кимдин акылына муктаж эмес экенин айтканын белгилейт.

«Трамп мусулмандар согушкусу келсе согуша берсин, мен мындан курал сатып байыйм деген саясат жүргүзүүдө. Американын адам укуктарын коргоо боюнча саясатын жүргүзүп келген уюмдар АКШнын айрым өлкөлөрдөн чыгып кетүүсүнө жолтоо болуп жатат. АКШ лидери убадаларын аткарууга аракет кылып, шайлоо алдындагы урааны боюнча иштерин алып барууда. Ички саясатта жетишкендиги көп. Өлкөнүн экономикасы өнүгүүдө. Бирок ага карабай мурда бириге албаган тайпалар Трампка каршы чыгышууда. Трампты жеңүү үчүн маселелерди чечүү жолун жөнөкөй тил менен түшүндүргөн саясатчы, позитивдүү популисттер керек. Азыр жаштардын арасында мындай саясатчылар көрүнбөйт», — дейт Өмүракунов.

Ал буга кошумча, жаш саясатчыларды даярдап чыгаруу зарыл экенин, анткени дүйнө жүзүндө саясатчылардын мууну алмашып жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM