Биз менен байланышыңыз

Айнегин караңгылаткан унааларга каршы рейд өтөт

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 488 | 0

Транспорт жана жол министирлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте капталдагы жана алдыңкы айнегин караңгылатып алган унааларга каршы рейд өткөрөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Административдик жоопкерчиликтер боюнча кодексинин 19-бөлүмүнүн  129-беренесинде төмөнкү 3 пункт боюнча мыйзам бузуулар каралган.

-Өз алдынча уруксаты жок үн жана жарык койдуруу;

-Өзгөчө кызмат транспорттордун үстүнө мыйзамсыз графикалык жарык схемаларды орнотуу;

-Капталдагы алдыңкы эки айнегин караңгылаткан же алардын ордуна парда таккандар.

“ Кыргыз Республикасынын Жол кыймылдары жөнүндө” мыйзам долбоору 2018-жылдын  27-декабрында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети тарабынан биринчи окууда кабыл алынган. Аталган мыйзам долбоору боюнча 129-беренеде мыйзам бузуучулар Ички иштер министрлиги тарабынан жазага тартылат. Бирок бул мыйзам долбоору боюнча Транспорт жана жол министрлиги акыркы чечим кабыл алынганга чейин Ички иштер министрлиги менен биргеликте капталдагы алдыңкы эки айнегин караңгылатып мыйзам бузган транспорт каражаттарына рейд өткөрөт.

Буга чейин административдик укук бузуучуларды Ички иштер министрлиги карап келген. Бул мыйзам  2019-жылдын 1-январында күчүн жоготкон.

Copyright © 2017 Maral FM