Биз менен байланышыңыз

Баткенде жүрөккө алгачкы жолу акысыз операция жасалды

Коом | 21 Янв 2019 | 765 | 0

Баткен облусунун  Лейлек районунда алгачкы жолу жүрөк кемтигине операция жасалды. Аны Бишкек шаарынан келген 12 дарыгерден турган кардиохирургдардын бригадасы жасашты. 

Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 53 жаштагы тургуну Инаят Каракулова көп жылдардан бери тубаса журөк кемтиги менен жабыркап келген. Анын операция жасатууга каражаты жетпей, түйшүк тартчу. Эми мынтип жүрөгүнө операция жасалып, бейтаптын түйшүгү чечилди. Бейтаптын жакыны Гулбайра Вазилованын айтымында, учурда абалы жакшы.

-Азыркы учурда эжемдин абалы аябай жакшы. Биринчи жолу Лейлекте жасалып, ийгиликтүү болду. 

Операцияны Бишкек шаарынан келген 12 дарыгерден турган кардиохирургдардын бригадасы жасашты. Алар кардиология илимдеринин доктору, кардиохирург Жамалбек Ашымов баштаган Кыргызстандын кардиохирургия жана трансплантация илимий изилдөө институтунун дарыгерлери. Кардиохирург Жаныбек Гайдулдаевдин айтымында, өлкөнүн эң алыскы, операция жасоого шарты жетишсиз болгон аймагындагы операция ийгиликтүү болуп 2 жарым саатка созулган.

Операциянын узактыгы болжол менен 2-3 саатка созулду. Биз мындай операцияны Бишкекте күн сайын эле жасайбыз. Бул бизге техникалык жактан эч кандай кыйындык жаратпайт. Башында башка аймакта жасалгандыктан, кичине ыңгайсыздык болду. Бирок жыйынтык биз күткөндөй болду. Оорулуунун абалы жакшы.

Корея кайрымдуулук “Милал” жүрөк фондунун  колдоосу астында Баткен облусунда жүрөк кемтигине операция биринчи жолу жасалды. Лейлек аймактык ооруканасынын директору Асан Кожомовдун айтымында, бейтаптар менен дарыгерлер атайын жолугуп текшерүүдөн кийин гана жасалган. Операция акысыз жасалды.

-Биздин район республикадан 1100 чакырым алыста жайгашкан. Мындай операцияга бизде муктаждар көп. Бирок көпчүлүктүн материалдык жактан шарты жок. Ошондуктан биз сурандык. Биринчи күнү 20 жаранды, экинчи күн 40 жаранды кабыл алып текшеришти. Ошого карап өздөрү тандап жатышат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызтандын региондорунда жүрөккө ачык операция биринчи жолу жасалганын айтып, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында мындай саамалык башка аймактарга да жайылтыларын Баткен облусуна болгон иш сапарында белгиледи.

-Борбордун балдары келип, ушундай кылганы жатабыз деп уруксат сурашты. Башында кооптуу эмеспи, кандай болот десем, алар коркпой эле койуңуз дешти. Анан мен буйрук бергем. Келип жасашты. Негизи 4 бейтапка жасоону пландашкан. Бирок шартка техникалык себептерден улам бирөөсүнө эле жасалды. Ийгиликтүү болду. Мындан ары борборго же башка өлкөлөргө барып убараланбай, өзүбүздүн эле дарыгерлер, жөнөкөй аппараттар менен эле жасап кетишет. Мындан ары да башка аймактарда улантышат.

Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен ооруган жарандардын саны жыл сайын өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын миңге жакын ымыркай тубаса жүрөк кемтиги менен туулат. Алардын тең жарымы бир жашка жетпей чарчап калышат же өмүр бою майып болуу коркунучуна дуушар болот. Жүрөк кемтигине медициналык операция жасоо 3 миң доллардан өйдө турат. Бул карапайым кыргызстандыктардын чамасына чак келбегени эске алынып, Баткен облусуна мындай операцияга 27 орун бөлүнгөн. Апрель айында тубаса жүрөк кемтиги оорусу менен ооруган жаш балдарга да акысыз жасалары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM