Биз менен байланышыңыз

Израиль Ирандын аскердик базасына чабуул жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 688 | 0

Израиль куралдуу күчтөрү абадан жана жерден жиберилген соккулары менен Сириядагы Ирандын аскердик базасын бутага алган. Анын натыйжасында төрт сириялык аскер курман болуп, алтоо жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү сириялык булактар жазышты.

Бул Израилдин өткөн жылдын май айынан берки алгачкы соккусу. Алар Иран менен чек арадагы талаштуу Гулан тоолору үчүн конфликтке жооп кылып сокку урганын жарыялашты.

Сирия өкмөттүк күчтөрүнүн абадан коргонуу системалары отузга жакын ракеталык чабуулдарды артка кайтарды. Бирок бир учурда удаама-удаа жиберлиген соккулардын кээ бири Сириянын борбору Дамасктагы эл аралык аэропорттун бир бөлүгүн талкалап кетти.

Израиль тарап соккусун улантарын билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, Иран менен Ливияда ишмердүүлүгүн жургүзгөн «Хизбулла» шииттик согушкерлер тобу Сирияда Асад режими менен бирге күрөш жүргузүп жатканына байланыштуу, Израиль сириялыктардын өлүмүнө Дамаскты күнөөлөөдө. Алар өздөрүнүн негизгиси бутасы Хизбулла болгонуна ишендиришүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM