Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Абактагылардын 60%нын паспорту жок

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2019 | 559 | 0

Абактагылардын 60 пайызынынын паспорту жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, кылмышкер эркиндикке чыгуусуна 1 жыл калганда пробация иштеп, тийиштүү документтери калыбына келтирилет.

Жапаров түрмөдө ооруп калган бардык адамдарга бирдей медициналык жардам көрсөтүлөрүн да кошумчалайт.

«Болгону ЖМКлар белгилүү саясатчылар бейтапканага барганын гана чагылдырат. Негизи катардагы адамдар ооруп калса да ооруканага алып барабыз, керек болсо операция жасатылат. Бизге абактагылардын ден соолугу маанилүү. Түрмөгө келген адам сөзсүз анализ тапшырат. Бир абак атайын кургак учук менен ооругандарга каралган. Бир топ имараттарыбыз эски. Экстремизм менен шектелгендерди кармаган абактын имараты оңдоп-түзөлүүдө», — дейт Жапаров.

Маалыматка ылайык,  Сокулук районунда Жаңы-жер айылында өмүр бою эркинен ажыратылгандарга абак курулуп жатат. 300 адамга каралган абак быйыл бүтүп калышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM