Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Түрмөдөгүлөрдүн жаза мөөнөтү кыскартылат

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2019 | 800 | 0

Күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык 500дөй киши абактан бошотулуп, түрмөдө отургандардын жаза мөөнөтү кыскартылат.  Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Жоруктар жөнүндө кодекске» ылайык, жеңил кылмыш жасагандардын иши кайра каралат. Анын негизинде абакта отурган адамдардын саны азаят. Ошондой эле өтө оор эмес кылмыш жасагандарды абакка жөнөтпөй пробация жолу менен эркиндикке алып калуу маселеси каралган.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 2019-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө пробация системасы иштей баштаган. Аталган системага жыл сайын 40 кызматкер кошулат да жалпы 300 кызматкер иш алып барат. Мындан сырткары ыктыярдуу мүчөлөр дагы тартылат. Алсак, учурда 51 студент пробация кыймылы боюнча ыктыярдуу мүчө болгон.

«Пробация англис тилинен сыноо деп которулат. Анда мыйзам бузган адамдарга сыноо кылып, тартипке келтирип, аларды жарандык коомго керектүү кылып алып калуу маселеси турат. Бул жакшы нерсе, келечекте пайдасы көп. Азыр кылмыш иштерин кайра кароо боюнча иштер жүрүп, кызматкерлер документтерди даярдап сотко жөнөтүп жатат. Бирок экстремизм жана терроризм менен соттолгон адамдарга жаза катаал. Аталган берене боюнча абакта жаткандар 300дөн ашык. Алар башка беренелер менен соттолгондордон өзүнчө бөлүнүп отурат. Мунапыс долбоору бар, бирок бүгүнкү күндө качан кабыл алынаары белгисиз», — дейт Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM