Биз менен байланышыңыз

Малайзия израилдик спортчуларга виза бербейт

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 756 | 0

Малайзия жайында өзүндө өтүүчү тандоо турларына катыша турган Израилдин спортчуларына виза берген жок. Муну Израилдин Палестинага карата улантып келе жаткан зордук-зомбулук ишине жооп катары сыпатташты. Бул тууралуу Би-би-си түрк кызматы жазды.

Малайзия өкмөтү Израилдин паспорту менен жургөндөргө өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Мындан улам эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамиле жок.

Малайзиянын Тышкы иштер министри Сайфуддин Абдулла мындан ары Израиль өкүлдөрү катыша турган эч бир иш чарага катышпай турганын ачыктады.  «Эгер Паралимпиада комитети кааласа,  тандоо турларына үй ээси болуу укугубуздан ажыратсын», деди Абдулла.

Расмий Тель Авив болсо буга нааразылыгын билдирип, Паралимпиада комитетинен июлда өтө турган турнирди башка өлкөгө жылдырууну талап кылды.

Бул турнир 2020-жылы Токиодо өтө турган Эл аралык паралимпиада оюндарына тандап алуу максатында өтүүдө.

Эске салсак, Израиль куралдуу күчтөрү мусулман палестиндерди өлкөдөн сүрүп чыгуу операцияларын улантып келет. Жер-жерлерден качып, Газа тилкесине жайгашкан миллиондогон палестиндерге каршы үзгүлтүксүз аба соккуларын жасап, эл аралык коомчулуктун эскертүү-каршылыктарына карабай палестин айыл-кыштактарына өз айылдарын курууда.

Copyright © 2017 Maral FM