Биз менен байланышыңыз

АКШ ракеталык коргонууга рекорддук бюджет бөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 570 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп коргонуу тармагына буга чейин болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп, бул жааттагы стратегиясын жарыялады. Пентагон тараптан даярдалган докладда Америка эми космостук коргонууга өтөт. Бул тууралуу америкалык басылмалар жарыялашты.

«Мындан ары космос-согуштук талаа катары колдонулат. Душмандар бири-бири менен космосто бет келишет. Ошондуктан биз жаңы технологиянын негизинде космостук ракеталык коргонууга өтөбүз. Бул биринчи кезекте Түндүк Корея, Орусия, Иран жана Кытай тараптан күтүлгөн коркунучтарды артка кайтарат»,-деди Трамп.

Докладда айтылгандай, жаңы сенсордук  куралдар космосто туруп Американын аба аймагына жакындаган аскердик объекттерди, ракеталарды байкап, жок кылат. Вашингтондун мындай кадамына кээ бир агрессивдүү өлкөлөр өзүнүн согуштук дараметин чыңдап жатканы себеп болгону айтууда. Алар керек болсо ар бир штаттын үстүнө космостук сенсордук коргонуу желесин коёрун эскертти.

Серепчилер болсо ири державалар ортосундагы кансыз согуш же жарыша куралдануу  күчөгөнүн кулак кагыш кылышууда. Анткени соңку жылдары Орусия, Иран жана Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөр өздөрүнүн жаңы ракеталык куралдарын чыгарып, сынамык операцияларды да жүргүзүшүүдө.

Эске салсак, Америка согуштук курал-жарак сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Анын эн ири кардары Сауд Аравиясы болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM