Биз менен байланышыңыз

Президент футболчуларды куттуктады

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2019 | 750 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына Азия Кубогунун 1/8 финалына чыгышы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө, Филиппиндин командасы менен болгон оюн чечүүчү болгондуктан кыргыз футболчулары бул багытты жаңы баскычка көтөрө алышканын белгиледи.

«Биздин команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионаттын 1/8 финалына чыкты. Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Александр Сергеевич, жигиттер, силер — өз эмгегиңиздер жана аракетиңиздер менен Кыргыз Республикасынын намысын коргоп жаткан өлкөбүздүн чыныгы мекенчил азаматтарысыздар!»- дейт президент.

Ошондой эле ал алдыдагы жооптуу оюндарда кыргыз футболчуларынын ийгилигине ишенерин жана жеңиш кааларын айтты.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен арап эмираттарындагы Азия биринчилигинде плей-оффко чыкты. Алар 16-январда Филиппин өлкөсүнүн курама командасын 3:1 эсебинде утту.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Виталий Люкс 3 голду тең киргизип, өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM