Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Өкмөт отставкасын өзү шарттайт

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2019 | 541 | 0

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде азыркы өкмөт популисттик эмес, системалык жол менен иштеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн айрым мүчөлөрү кесипкөй эмес. Андыктан кээ бир тармактарда туура эмес иштер болуп жатканы көрүнүп турат.

«Ал эми парламентте сын айтылып, айрым өкмөт мүчөлөрүнүн отставкага кетүүсү талап кылынып жатканы жакшы нерсе. Бул өкмөткө карата берилген белги. Өкмөт убагында мындай белгиге реакция кылып иштеп кетпесе өзүнүн отставкасын шарттайт«, — дейт Кадырбеков.

Ал буга кошумча, митингдер менен саясий маселелердин жели чыгып турарын, митинг болбосо революция болуп кетерин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM