Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги митингде ТИМдин өкүлү маалымат берди

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 641 | 0

Бишкектеги митингге Биринчи май районунун акими Руслан Шарапов келип, бүгүнкү митингди тынч жана таза өткөрүүго чакырды.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин алдындагы консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев өлкөдөгү кытай жарандары тууралуу расмий маалыматтарды жеткирди.

Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстандагы 10 миңге жетпеген кытайга узак мөөнөттүү виза берилген. Алар көбүнчө кытай жол тармагында, өндүрүш тармагында иштегендер.

Бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук аянтта митинг өтүүдө. Чоуглгандар Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарына каршы экенин, алар өлкөдөгү көп жерлерди басып алганын айтып нааразы болушууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM