Биз менен байланышыңыз

ЖККУ алкагында маалымат коопсуздугун камсыздоо жакшыртылат

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 453 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугу жаатында кызматташтык тууралуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган.

Анын максаты — ЖККУга мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо багытында кызматташуу болуп эсептелет.

Тараптар маалымат коопсуздугу коркунучтарына бирдиктүү таасир этүүнүн практикалык механизмин түзүү, маалымат коопсуздугу жаатындагы ишенимди бекемдөө, анын  технологиялык негиздерин өркүндөтүү жана башка багыттар боюнча кызматташат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM