Биз менен байланышыңыз

Транспорт министрлигине Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралат

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 498 | 0

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин карайт. Анын талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абалгазиев сунуштаган.

Жанат Бейшенов 2005-2007-жылдары Транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп иштеген.

Эске салсак, 2018-жылдын 5-декабрында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев кармалган. Буга байланыштуу министр Жамшитбек Калиловду кызмттан четтетип туруу боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө сунуш киргизип, министрдин өзүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында уяткарган.

15-декабрда Калилов кызматынан кетүү боюнча арыз жазып, президент аны иштен алган.

Ал эми Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Ногойбаев дайындалган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM