Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жарым миллионго жакын транспорт бар

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 638 | 0

Бишкек шаарында болжол менен алганда, жарым миллионго жакын транспорт каражаттары бар. Бул тууралуу бүгүн экологиялык булгануу боюнча болуп өткөн семинарда Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Джусупов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекете 400 миңден ашуун жеке менчик транспорттук каражаттар бар. Ошондой эле шаарга күн сайын 8 миңден ашуун транспорт  кирип турат. Ошентип борбор шаардагы унаалардын саны жалпысынан жарым миллионго жетет.

Мэриянын өкүлү экологиялык булгануунун алдын алуу үчүн транспорттук каражаттар колдонгон күйүүчу майдын сапатын текшерип, көзөмөлгө алыш керек экенин белгиледи.

Эске салсак, Бишкек абасынын сапаты боюнча эң кир шаарлардын катарында. Экологдордун айтымында шаардын атмосферасы нормадан он эсеге чейин ашыкча булганган. Буга шаардын нормасынан ашыкча кирген унаалардын бөлүп чыгарган газы да себеп болууда.

Copyright © 2017 Maral FM