Кыргызстанда коомдук-саясий күчтөр Конституциялык реформаны жасоого аракет кыла баштады. Анын алкагында Бишкекте илимий-практикалык конференцияны өткөрүп, реформа боюнча элдик демилге менен даярдалган мыйзам долбоорунун бет ачары болгон. Анда 7 маселе камтылган.
Бүгүнкү күндө Баш мыйзамды өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору даярдалды. Бул документтин демилгечиси болуп өлкөнүн коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрү эсептелет. «Референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда өткөн жылдын 24-ноябрында болгон курултайдын чечимдеринин негизинде жазылган. Анда жаңы Конституцияны кабыл алуу, депутаттарды шайлоо системасын тандоо, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү, орус тилинин расмий институтун жоюу сыяктуу маселе киргизилген. Бул тууралуу демилгечилердин бири, саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды элдик демилге 2020-жылга чейин оңдой албайт деп белгиленген. Ошондон улам жаңы мыйзам долбоорун жазып, Жогорку Кеңешке кабыл алып берүү сунушу жиберилет.
— 24-ноябрда өткөн курултайдан кийин өзгөрүү болот деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок, эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Курултайда аткаруу комитети түзүлүп, реформа өткөрүү боюнча мыйзам жазып жатабыз. Жыйында президент «Кумтөр» жана Конституциялык реформа боюнча кадам жасабаса өзүбүз аракет кылабыз деп чечим кабыл алганбыз. Анысы аз келгенсип президент реформага барбайт деди, парламент дагы унчукпай отурат. Ошондуктан он миң кол топтоп реформа өткөрүшүбүз керек. Ар кимибиз ар кандай бийликти каалайбыз, ошол себептен биз биригишибиз керек. Биригүү жолу менен компромисске баруу керек. Конституция 11 жолу өзгөргөн, анын тогузун президенттер өзгөрткөн. Президенттер каалагандай өзгөртүп, мыйзам, укуктар менен ойногон.
Эми аткаруу комитети мыйзам долбооруна кол топтоо үчүн 10 миң кишинин макулдугун алат. Долбоордо көрсөтүлгөн 7 сунуш боюнча сурамжылоо жүргүзүлмөкчү.
Деген менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган жыйында Баш мыйзамды өзгөртүүгө муктаждык жок экенин жана андан башка маанилүү маселелер көп экенин билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Баш мыйзам менен ойногонду токтотуп, 2020-жылдан кийин оңдой турган жери болсо гана өзгөртүү киргизүү керек деген оюн айтты.
-«Конституциялык реформаны 2020-жылдан кийин жасоо керек» деп 2016-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда жазылып турат. Ага чейин Конституцияга тийгенге болбойт. Документти 2016-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү жактардын колун топтоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип койгон. Жыйынтыгында сот реформасы талкаланып олтурат. Ошондуктан Конституция менен ойногонду токтотуп, 2020-жылды күтөлү. Парламенттик шайлоодон кийин бүт тармактын өкүлдөрүнөн кеңешме түзүп, мыйзамды өзгөртсөк болот. Анда дагы өзгөртө турган жери болсо гана.
Өлкөдө Баш мыйзам акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында өзгөртүлгөн. Анда өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөтүлүп, ал кездеги бийлик жаңы редакциясы кынтыксыз жазылганына ишендирген.
Коомдук кишмер Ишенбай Кадырбеков Баш мыйзамды өзгөртүүгө эч кандай муктаждыктарды көрө албайт. Болгону бир маселе чыкса эле Конституцияны өзгөртүү керек деген демилге өнөкөт оору болуп калган деп эсептейт.
-Кайра эле Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп жатканын туура эмес деп эсептейм. Элдин чечимин сыйлоо керек. Демилгечилер элге «парламенттик же президенттик башкарууну каалайсыңарбы» деген суроону коюп жатат. 2010-жылы эл парламенттик мамилекетти каалайбыз деп Конституцияны кабыл алып берген. Ал чечиминди сыйлоо зарыл. Же болбосо «2010-жылдагы Конституцияга макулсуңарбы же жокбу?» деген так суроону коюшсун. 20 жыл президенттик башкарууда жашадык. Андан көрө Бам мыйзамга каршы чыккан мыйзамдарды өзгөртүү керек.
Ал эми Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов иштеп жаткан Конституциянын кемчилиги катары — бийлик органдарынын ыйгарым укуктары тең бөлүнбөй калганын белгилейт.
-Жаңы Конституцияны кабыл алалы деген идея илгертен бери көтөрүлүп келет. Анын негизги максаты Кыргызстандын саясий системасынын туу чокусуна элдик курултайды коюу. Анан бардык мамлекеттик бийлик органдары улуу курултайга көз каранды жана отчет бере тургандай, көзөмөлүндө боло тургандай кылуу керек деген идея. Кыргызстан президенттик башкаруу же парламенттик башкаруудагы өлкө деген талаштар болууда. Чындыгында президенттик-парламенттик башкаруудагы мамлекет.
Эске салсак, Кыргызстандын эегемен тарыхында Баш мыйзам 11 жолу өзгөртүлгөн. Анын тогузу президент тарабынан, 2 жолу элдик демилге менен жаңыланган.