Биз менен байланышыңыз

«Өнүгүү үчүн ИДПнын өсүшү 6 пайыздан төмөн болбошу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2019 | 537 | 0

Мурунку Экономика министри Арзыбек Кожошев “Марал” радиосуна берген маегинде 2019-жылы өлкө экономикасында 4 пайызга чейин өсүш болорун билдирди.

Анын айтымында, өнүгүү үчүн ИДПнын өсүшү 6 пайыздан төмөн болбоого тийиш.

Дүйнөдө болуп жаткан соода согуштары бизге түз болбосо да кыйыр таасирин тийгизет. Кыргызстан айыл чарба продукцияларын Кытайга чыгарууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. Биздин экономика “Кумтөрдөн” көз каранды болуп жатат. Эгер аталган кен алтынды азыраак өндүрүп калса, экономикабызга түз таасирин тийгизет. Туризм, тоо-кен жана энергетика тармагына көбүрөөк инвестиция кылсак экономикабыз өсөт”, — дейт Кожошев.

Ал буга кошумча орто жана чакан бизнес экономикага түрткү берген негизги күч экенин белгилеп, аларга узак мөөнөттүү насыяларды берүү зарыл экенин айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM