Биз менен байланышыңыз

Кошоков: Экспертиза борборлорун бириктирүүгө жеке адамдар кызыктар

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2019 | 476 | 0

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун башчысы Данияр Кошоков “Марал” радиосуна берген маегинде укук коргоо органдары менен саламаттыкты сактоо тармагындагы экспертизаны бирдиктүү орган катары түзүүдө өкмөттүн эмес, жеке бир адамдын кызыкчылыгы бар экенин билдирди.

«Вице-премьер-министрлер менен да бир нече жолу сүйлөштүм. Алар карап көрөлү деп экспертизаларды бириктирүүнү улам жылдырып жатат. Бул жерде жеке бирөөнүн кызычылыгы бар деп ойлойм. Бирок ал ким экенин билбейм», — деди Кошоков.

Ал буга кошумча, мекеменин кызматкерлерине басым болорун, бирок жетекчилик эксперттерди көзөмөлдөп турарын айтты.

Ар бир кылмыш ишин өзүнчө карайбыз. Кызыктар органдар, тараптар болот. Бирок биз эксперттерди көзөмөлдөйбүз. Биздин мекемени оңдооп-түзөөгө көп да каражат керек эмес. Лабораториялык кызматты жана моргду ондоого болгону 18 млн сомдун тегерегиндеги каражат кетет», — дейт Кошоков.

Маалыматка ылайык, учурда соттук-медициналык экспертиза борборунун бардык кызматы акысыз жүрөт. Мындан улам экспертизалар көбөйтүп кеткен.

Кошоков эгер акылуу кызмат кайра киргизилсе мекеме чыгашаларын өзү жаап кетерин айтат. Анткени аталган борбор көрсөткөн кызматтарынан жыл сайын 1 жарым млн сомдун тегерегинде каражат таап келген. Бирок 2016-жылдан тарта кызмат көрсөтүүлөрдөн акча алынбай калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM