Биз менен байланышыңыз

«Сот-медициналык экспертиза борбору министрликтен бөлүнсө көйгөй жаралат»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2019 | 1038 | 0

Соттук-медициналык экспертиза Саламаттыкты сактоо министрлигинен бөлүнсө бир топ көйгөй жаралат. Бул тууралуу республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун башчысы Данияр Кошоков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары менен саламаттыкты сактоо тармагындагы экспертизаны бирдиктүү орган катары түзүү демилгеси туура болушу мүмкүн. Бирок эки тармактагы экспертизаны кошууга азыр эрте. Жакшы экспертиза чыгаруу үчүн күчтүү адистерге көбүрөөк каражат төлөө зарыл. Мындан сырткары мыкты лабораториялар керек.

Азыр акчабыз жок кошулуп алып, мурдагы эле лабораторияларда иштесек анда эмне өзгөрөт? Укук коргоо органдарын реформалоо боюнча экспертизаларды кошуп бир орган кылалы деген ой болсо керек. Медициналык экспертиза борбору ал жакка кантип кирип калганын билбейбиз. Бирок биз укук коргоо органдарына эмес медицинага карайбыз. Өкмөткө караштуу соттук экспертизалык кызмат түзүп анын алкагында соттук медициналык экспертиза борборун кошуу демилгеси 2 жылдан бери талкууланып жатат”, — дейт Кошоков.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы экспертизалык медициналык борборду өкмөттүн карамагына өткөрүү маселеси соңку эки жылдан бери көтөрүлүп бирок аягына чыкпай келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM