Биз менен байланышыңыз

Трамп: Түркия Сириядагы күрддөргө сокку урса, анын экономикасын талкалайбыз!

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 499 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Твиттер баракчасынан: «Эгер Түркия куралдуу күчтөрү Сириядагы күрд өнөктөштөрүбүзгө сокку урса, анда алардын экономикасын кыйратабыз!»,-деп эскертти.

Буга каршы Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Эч бир опузадан коркпойбуз! Артка кадам таштабайбыз!»,-деп жооп берди.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Ибрахим Калын: «Биз күрттөр менен эмес, террористтер менен күрөшүүдөбүз»,-деген жообун жарыялады.

Мунун артынан түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык кесиптеши менен телефон аркылуу байланышып, коомчулукка билдирүүлөрдө «абайлоо» керектигин сүйлөшкөнү кабарланды.

Американын Ак үйүнүн маалымат катчысы Сара Сандерс сүйлөшүүдө Трамп Эрдоганга террористтерге каршы күрөшүүдө өнөктөш болгон күрд коомчулугунун коопсуздугу алар үчүн маанилүү экендигин айтканын кабарлады.

Эске салсак, декабрь айынын соңунда АКШ лидери Дональд Трамп Сириядагы аскерлерин алып чыгып кете турганын жарыялаган. Бул бир нече аптага созулушу мүмкүн экенин да билдирген. Чыгууда Сирияда активдүү аскердик ишмердигин жүргүзгөн түрк тарапка андагы күрддөрдүн коопсуздугун кепилдөөсүн жана ИШИМ террордук тобуна каршы күрөштү улантуусун табыштаган. Бирок түрк бийлиги Сириянын түндүк-батышындагы күрд топторуна сокку урууга камынып жатканын билдирүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM