Биз менен байланышыңыз

«Бийликтегилер социалдык көйгөйлөргө караганда саясий маселелерди көп көтөрүп чыгат»

Пикирлер | 14 Янв 2019 | 603 | 0

Укук коргоочу Анара Дауталиева “Марал” радиосуна берген маегинде бийликтегилер социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө караганда саясий маселелерди көп көтөрүп чыгаарын айтты.

Анын билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештеги 120 депутат, өкмөттүн жана президенттин аппаратынын кызматкерлери көп нерсеге таасир этип жатат. Алар оңолсо өлкө өнүгөт.

«Акча, бийлик деген саясат жүргүзбөй ыйык кыргыз эли эмне болду деп ойлошу керек. Өзгөчө эркектер ата-бабалардын жолун улашы зарыл. Бизнесин, балдарын коргоюн дегендер да саясатпы? Мен койгон маселелер — жалпы коомдун көйгөйлөрү. Бирок аларды өкмөт да, шаардык мэрия да бүтүргөн жок. Укук коргоочу болуп туруп мен дагы мыйзамдарга ыраазы болгон жокмун», — дейт Дауталиева. 

Ал Бишкектин мектептеринде башталгыч класстарга берилчү тамакты жакшыртуу маселесин көтөрүп чыкканын бирок ага эч ким көңүл бурбаганын айтты.

«Бул Бишкек шаардык кеңеши үчүн уят. Кыргызстанда табигый сүттөр  Казакстанга, Орусияга кетет. Ал эми өзубүзгө жасалма сүт берилет. Бул боюнча УКМКга дагы кайрылдым. Бирок эч кандай өзгөрүү жок», — дейт укук коргоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM