Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Үмүтүбүздү үзбөйбүз

Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 568 | 0

«Биздин балдар колунан келгени бардык мүмкүнчүлүктү колдонуп, жан дили менен ойношту. Бул үчун аларга рахмат айтышыбыз керек. Бирок керектүү упайды ала албадык. Ошентсе да үмүтүбуз бар».

Мындай пикирин футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Түштук Корея менен болгон беттеш тууралуу  айтып жатып билдирди.

Анын айтымында ушундай эле маанайда ойношсо, үч упай менен да алдыга чыгып кете алат.

«Бул башкы вазыйпабыз»,-деди Крестинин.

Эске салсак, Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө биринчи ирет катышып жатканына карабай, абдан мыкты оюндарды көрсөтүүдө. Мындай баасын чет элдик спорт серепчилери да берүүдө. Тажрыйбалуу эки командага тең минималдык эсепте утулду. Эгерде алдыдагы Филлипин менен өтчү мелдеште утуп чыкса, плей-офф баскычына өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Copyright © 2017 Maral FM