Биз менен байланышыңыз

Иванка Трамп Дүйнөлүк банктын президенттигине ат салышат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 785 | 0

Дүйнөлүк банктын президенттигине АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамптын талапкекрлигин көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Дүйнөлүк банктын учурдагы башчысы Жим Ён Ким 1-февралда кызматын тапшырса, бошогон орунга бир нече америкалык ат салышары күтүлүүдө.

Иванка Трамптан башка Американын БУУдагы ыйгарым укуктуу элчиси болгон Никки Хейлинин аты да Дүйнөлүк банктын президенттигине аталууда. Андан башка Финансы министринин эл аралык иштер боюнча орун басары Девид Мальпасс жана АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин башчысы Марк Грин да сунушталууда.

Мекеме талапкерлерди февралдын ортосунан баштап карап, апрелдин ортосуна чейин дайындайт.

Эске салсак, Дүйнөлүк банктын президенттигине салт боюнча Американын гана жараны келе алат. Банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө финансылык жана техникалык жардам көрсөтүү вазыйпасын аткарат. Ага дүйнөнүн 189 өлкөсү мүчө.

Copyright © 2017 Maral FM