Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ШКУ саммиттине даярдык башталды

Саясат | 12 Янв 2019 | 1002 | 0

Жай айларында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити болот. Бул саммитке даярдык тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси маалымат берди. Жыйын Кыргызстандын төрагалыгынын астында өтөт. Азыркы тапта күн тартибинде каралуучу маселелер такталып, даярдык иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити 14-15-июнда Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештери, Тышкы иштер министрлери да катышат.

Саммиттин күн тартиби алдын ала такталат. Бирок азырынча белгисиз.

-Биз саммитти 14-15-июнда өткөрүүнү пландап жатабыз. Алдыбызда дагы маанилүү иш-чараларды өткөрүү турат. Саммиттин алкагында маданий-гуманитардык иш-чаралар өткөрүлөт. Айтсак, медиа көргөзмө, сүрөт көргөзмө, бизнес форум жана ири гала-концерт болот. Бүгүнкү күндө уюштуруу комитети түзүлгөн жана тиешелүү жумуштар иштелип чыккан. Буга чейин көчмө жыйындар уюштурулду. Маанилүү пландар кабыл алынды. Уюмга Кыргызстандын төрагалыгы астында негизги багыттарга өзгөчө көңүл бурулат. Бул уюмдун эл аралык аренадагы беделине салым кошот. Андан кийин терроризм, экстремизм жана баңги заттарды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөштү күчөтөт. Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык кызматташууларды андан ары тереңдетет. ШКУнун бедели жана баркы жыл сайын күчөп келе жатат. Буга уюмдагы мамлекеттердин ынтымагы, ишенимдүү өнөктөштүгү жана бир-бирине болгон сый-урматы себепчи.

Ошону менен бирге Данияр Сыдыков саммитти өткөрүү Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, даярдык жогорку деңгээлде болоорун кошумчалады.

ШКУнун саммиттин утурлай бул уюмга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештери жана Тышкы иштер жана коргоо министрлеринин жыйындары болот. Алгач Коопсуздук кеңештердин эксперттери февраль айында Кытайдын Пекин шаарында жыйынга чогулушат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын маалыматында, эксперттер жолугуп, Коргоо кеңештердин жетекчилеринин апрелде чогулуучу жыйынын күнүн аныкташат.

-Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши апрелде өтчү жыйынга катыша турганын билдирди. Жыйында карала турган маселелердин материалдары колубузда бар. Документте 17 пункт каралып, анда экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү, чек арадагы кылмыштуулук малеселелери камтылган. Ошону менен бирге уюмга тиешелүү көйгөйлөр каралат.

Бүгүнкү күндө уюм 3 миллиарддан ашык калкты өзүнө камтыйт. Ал эми бирикмеге кирген өлкөлөрдүн жалпы аянты 34 миллион чарчы километрге жетти.

Ал арада серепчилер уюмдун күн тартибинде каралууга муктаждык бар болгон бир катар маселелерди сунушташууда.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев Кыргызстан саммиттин алкагында Кытайдагы кайра тарбиялоо лагерлеринде кармалган этникалык кыргыздардын маселесине дагы көңүл буруусу керек деп эсептейт. Мындан тышкары ал ШКУ тарабынан кабыл алган чечимдер иш жүзүнө ашырылбай жатканын сындады.

-Көп эле чараларды кабыл алып жатат. Бирок алардын баары аткарылган жок.

Деген менен, арым эксперттер кайра тарбиялоо лагерлери Кытайдын ички маселеси экенин айтышат. Ошондуктан уюмда аны козгоо натыйжасын деле бербейт деген ойдо.

Коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов саммитте кайра эле экстремизм жана терроризм маселеси каралуусу керек деп эсептейт.

Анын баамында, дүйнөдө аталган маселелердин деңгээли басаңдаган жок.

Кээ бир өлкөлөрдө чоң күчтөрдү жумшап жатып экстремизм, терроризм маселесинин деңгээлин түшүрүүгө аракеттер болду. Мисалы, Сирия, Йемен жана Иракта. Бирок экстремисттер менен террорчулар башка мамлекеттерге ооп жатат. Согушчандар Ооганстанга барып жайгашууда. Бул өлкө биздин чөлкөмгө жакын, башкача айтканда, Орто Азия мамлекеттерине кошуна. Анан экономикага да көңүл бурушса керек.

Белгилей кетсек, акыркы жолу ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити былтыр Кытайда өткөн. Өлкө президенттери Кытайдын Циндао шаарында чогулган. 2018-2019-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга берилген.

Copyright © 2017 Maral FM