Биз менен байланышыңыз

Баткенде жаңы чек ара тозоттору колдонууга берилди

Коом | 22 Янв 2019 | 1088 | 0

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Орто-Боз, Достук айылдарында заманбап чек ара тозотторунун имараттары пайдаланууга берилди. Жаңы заставалар ЕАЭБте түзүлгөн келишимдин алкагында Орусия тарабынан каржыланып, Бажы биримдигинин койгон талаптарына ылайык салынды.

Кыргызстандын чек арасын кайтарган бул жоокерлер Орто-Боз чек ара заставасынын Тажикстан менен чектешкен чек аранын шарттуу бөлүгүндө өз милдеттерин аткарышууда. Алар чек арада өлкөбүздүн бүтүндүгүн коргоо менен бирге, такталбаган чек ара тилкелеринде түрдүү мыйзам бузууларга бөгөт коёрун Баткен облустук чек ара башкармалыгынын чек ара кайтаруу бөлүмүнүн башчысы Илияз Жусупов айтты.

-Орто-Боз чек ара заставасы кыргыз-тажик мамлекеттик тилкесинин 16 чакырым болгон аралыгын кайтарат. Ушул күнгө чейин мамлекеттик чек ара аныкталбагандыгына байлашыштуу шарттуу чек ара тилкесин кайтарабыз. Мамлекттик чек араны кайтарууда заставанын негизги милдети мамлекеттик чек арада мыйзамсыз кесип өтүүгө жол бербөө, курал-жарак, наркотикалык заттардын өтпөөсүн камсыздоо болуп саналат.

Баткендеги чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү мурда совет доорунан калган эски имараттарда турган болсо акыркы жылдарда заманбап баардык шарты каралган имараттар салына баштады. Орто-Боз чек ара заставасынын курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталып, декабрь айында толугу менен бүткөрүлгөн. Мында чек арачылар үчүн бардык шарттар каралган. Заман талабына жооп берген жабдыктар менен толукталып, чек арачылар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жакшы шартар түзүлүдө,-дейт аскер кызматкеринин жубайы Бегимай Токторбаева.

-4 жылдан бери шарты жок жерде жашап келгенбиз. Азыр эми бул заставада бардык шарты бар сүйүнуп отурабыз. Ысык суу, муздак суу чыгат.

Көк-Таш айылы Тажикстан Республикасы менен чектеш жайгашкан. Андыктан бул чек ара заставасынын мааниси чоң. Орто-Боз заставасынын имараты эскилиги жетип, андагы шарттар көңүл жылытарлык эмес болчу. Эми мынтип заманбап типтеги имарат курулуп, чек арачыларга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул да өкмөттүн Кыргыз Армиясына болгон камкордугунан кабар берет,- дейт Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова.

-Чек арачылардын көйгөйлөрү чечилип жаткандыгына бизда кубанычтабыз. Анткени биздин жашообуздун тынчтыгы үчүн бизге чек арачылар өтө керек.

Ушундай эле чек ара заставасы Баткен районунун Достук айылында да ачылды, бул заставадада офицерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн заманбап батир, жоокерлер үчүн жылуу казарма, ашкана ошондой эле күжүрмөн техникалар туруучу жай курулган. Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиевдин айтымында, 2 застава тең ЕАЭБде түзүлгөн келишимдин алкагында Орусия тарабынан каржыланып, Бажы биримдигинин койгон талаптарына ылайык салынды.

-Кыргызстан ЕАЭБке киргенден кийин келишимге кол коюлду. Россия Федерациясы тарабынан каражат бөлүнүп, ошонун негизинде 11 чек ара обьектиси салынды. Булар тышкы чек ара башкача айтканда, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай чек ара тилкелери. Булардын 11 тең бүткөн. Мунун баары тең чек ара коопсуздугун бекемдөөгө багытталган. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен 85% чек ара такталган. 15%ына сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса, жакынкы аралыкта ал да чечилет.

Достук жана Орто-Боз чек ара заставаларынан сырткары 2022 аскер бөлүгүндөгү атайын багыттагы отряддын комплекстүү имараты да пайдаланууга берилди. Чек ара кызматында  Кыргызстан боюнча жалпы 11 комплекс курулса, анын ичинен 5 объект Баткен облусунда жайгашкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM