Биз менен байланышыңыз

Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 1403 | 0

Көк бөрү «жылдызы «Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Бул тууралуу «Көк Бөрү» федерациясынын Инстаграмдагы расмий баракчасында жарыяланды.

Улуттук кураманын эн белгиси түшүрүлгөн форманын баштапкы баасы 2 миң сом деп белгиленсе, учурда 40 миңден ашты.

Аукциондон түшкөн каражат май айында көк бөрү оюнунда кырсыктаган улакчы Дастан Жакеевдин дарылануусуна жумшалары айтылды. Ал көптөгөн кымбат процедуралардан өтүп жаткандыктан көп каражат керектелип жатат.

Аукциондун шарттары:

1. Аукционго 18 жаштан өйдөдөгүлөр катыша алат, жеке өздүк, аккаунттар гана катышууга укуктуу;
2. Ар бир кадам сунуштоо 100 сомдон өйдө болушу керек; Комментарийлерди окуп чыгып анан сунуш бериңиз. Сунуштаган сумма толук жазылышы керек (мисалы: 25 000 сом);
3. Тамашалап, же болбосо жооп бербегендер бүт көк бөрү баракчаларында кара тизмеге киргизилет;
4. Сунуштамаларды комментарийлерде берүүгө болот;
5. Сунуштама берген адам менен федерация өзү байланышат.

Эске салсак, Аукцион 19-январь саат 21:00дө жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM