Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Суракматовдун командасы 4 айда бир топ иштерди жасады

Пикирлер | 11 Янв 2019 | 1645 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде калаа башчысы Азиз Суракматовдун командасы 4 айда бир топ алгылыктуу иштерди жасоого жетишкенин, жыл ичинде дагы чоң өзгөрүүлөр боло турганын билдирди.

«4 айдын ичинде веложол курдук, мыйзамсыз курулуштар токтотулуп жатат. Ачык конкурс менен автобустарды алып келдик. Эртең мененки саат 8:00ден тарта базарлардын айланасын тазалап жатабыз. Онго жакын сквер ачтык. Алдыда бардык парктарды тазалайбыз. Кийинки жылы шаардагы чаңды 50 пайызга азайтууга, жалбырактарды дагы ташып кетүүгө аракет кылабыз. Быйыл 7 миң көчөт тигебиз. Унаа токтотуучу жайларды тартипке келтиребиз. Жакында роликтерди коёбуз. Кемчиликтерибиз да бар», — дейт Түлөбаев.

Ал калаадагы жарнамалар иретке келтирилерин, бул жаатта шаардын жарнамалык компаниясы ачылып иштеп жатканын маалымдады.

Түлөбаев кошумча, шаардагы көчөлөрдүн баары бир стандартта, кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазыларын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM