Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Маршруттук таксилердин айдоочулары митингге чыкпайт

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2019 | 1265 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде калаадагы маршруттук таксилердин айдоочулары митингге чыкпай турганын билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар менен менен сүйлөшүүлөр жүргөн.

«Шаар бийлиги маршруттук таксилердин айдоочуларына рахмат айтабыз. Бензиндин баасы кымбаттаса да жол киренин баасын көтөрбөй жатабыз. Ага карабай калкты тейлеп келе жатышат», — дейт Түлөбаев.

Анын айтканына караганда, Бишкектиктин тургундарын коомдук транспорт менен толук камсыз кылуу үчүн 900гө жакын автобус керек.

Белгилей кетсек, буга чейин маршруттук таксилердин айдоочулары митингге чыга турганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM