Биз менен байланышыңыз

Камактагыларга кечиримди күчөткөн жаңы кодекстер

Саясат | 10 Янв 2019 | 219 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жаңы кодекстердин негизинде абакта олтургандардын жазасын жеңилдетип, айрымдарын эркиндикке чыгарат. Бул «чоң коркунуч келтирбеген» жана «анча оор эмес» беренелер менен соттолгондорго жайылтылат. Азыркы күндө аталган кызмат абакта олтургандардын тизмеси текшерүүнү баштады. 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондордун баарын текшерүүгө ала баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма-сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, текшерүү жаза мөөнөтүнүн өзгөрүп калышына таасир бериши мүмкүн. Кыргызстанда 8 миң соттолуучу бар, алардын ичинен 460 кишинин кармалыш шарттары жана мөөнөттөрү өзгөрүүсү ыктымал. Башкача айтканда, эркиндикке чыгарылат.

 -Үч ай аралыгында камакта отургандардын баарын текшерип чыгып, материалдарды сотко кайра карап чыгышы үчүн жөнөтөбүз. Алты ай ичинде сот чечим чыгарышы керек. Буга чейин «тоок уурдаганы деле камалды, киши өлтүргөнү деле камалды» деп сын айтылып келчү эмес беле. Азыр ошол жеңил кылмыштарга жаза жеңилдетилди. Жаңы мыйзамдарга ылайык, өтө оор эмес кылмыш кылгандарга айып пул салынып же коомдук жумуштарга тартуу менен жазаланат. Көбү боштондукка чыгып, айрымдарынын мөөнөтү азаят.

Мындай жеңилдиктерди ЖАМК 1-январдан баштап  күчүнө кирген кылмыш жана жазык багытындагы мыйзамдарга таянып бермекчи.

Анткени Кыргызстанда кылмыш-укук мамилелерин тескеген жаңы беш кодекстин жаңы редакциясы жана эки мыйзам иштеп жатат. Буга чейин жарандын кылмыш же административдик жоопкерчилиги Кылмыш-жаза кодекси жана Административдик кодекс менен тескелип келген. Эми алар Кылмыш-жаза, Жоруктар жана Бузуу деп үч кодекске бөлүнгөн.

Мындай өзгөрүү гумандаштыруу максатын көздөйт. Башкача айтканда, майда кылмыштар үчүн узак убакытка эркинен ажыратып жиберүү практикасын жокко чыгарат.

Ал эми Кылмыш-жаза кодекси адамды эркинен ажыратуунун өмүр бою түрмөгө кесүүгө чейинки максималдуу мөөнөтү 15 жылга чейин кыскартат. Мурдан бул мөөнөт жыйырма жылды түзчү. Бир нече кылмыш кылган киши буга дейре 30 жылга чейин кесилсе, жаңы мыйзамдар боюнча анын мөөнөтү жыйырма жылга түшүрүлгөн. Бирок ошону менен катар эң оор кылмыштар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу колдонула берет.

Ошентип буга чейин эски мыйзамдардын негизинде өкүм чыккан же иликтенип жаткан кылмыш иштери кайрадан каралууда.

Бирок соттолгондор «Мунапыс жөнүндө» мыйзам менен боштулбайт. Бул мыйзам ал соттолгондорго мунапыс берүү маселесин карабай турганын ЖАМКтын башчысы Таалайбек Жапаров айтты.

-Эркиндикке чыга турган жарандар «Мунапыс жөнүндөгү»мыйзам менен бошотулбайт. Ал жараянды аталган мыйзам менен алмаштырбоо керек. Соттолгондордун тизмеси жаңы кодекстин негизинде каралууда. Себеби айрым кылмыштын курамы өзгөрүп, кээ бирлеринин жазасы абакта олтурууга каршы келип калат. Ошондуктан алар камактан чыгат. «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолор киргизилген. Азыр бизде мунапыс жарыялана элек. Учурда Жогорку Кеңеште мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Анан ал мыйзам кабыл алынса, ошонунун негизинде соттолгондорго мунапыс берилет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Мунапыс жарыялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун тармактык комитетке талкууга чыгарганы белгилүү. Ошондон улам коомчулукта бул мыйзам менен жаңы ишке кирген «Мунапыс жөнүндө» мыйзамды чаташтыруу орун алган.

Гумандаштырууну көздөгөн кодекстерде айрым аракеттердин жазалары жеңил каралганын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

— Парламентте долбоор каралып жатканда көп санкциялар азайтылып келген. Мен кыз-келиндердин укуктарын коргоо, кыз ала качуу жана зордук-зомбулукка каршы жумуштарга артыкчылык берип иштеп келемин. Документте ала качууга айыппул салынып, мөөнөтү аз көрсөтүлүптүр. Мен 10 жылга эркинен ажыратуу сунушун берген болчумун. Биз тескерисинче 2012-жылы ала качууга карата чараны күчөтөлү дегенбиз. Кыз ала качуу адамды уурдоо менен тең. Ал эми мал уурдоого 11 жыл берүүнү сунуштаганмын. Бирок менин сунушум жарым-жартылай кабыл алынды.

Жаңы мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жакшы ниетти көздөгөнү менен аны иш жүзүндө аткарууда бир катар кооптуу жагдайлар бар экени айтылууда. Юрист Нурбек Токтакунов жаңы кодекс боюнча абактагы жарандардын тизмеси адилеттүү каралышына ишенбей турат.

-Эң сонун мыйзамдар алынган. Өлкөдө саясий система жана бийликттин тең салмактуулугу иштебегенден кийин мыйзам да иштебейт. Убагында Алмазбек Атамбаев баарын басып салгандай президент Сооронбай Жээнбеков да басып алды. Ошону үчүн бүт чиновниктер, өкмөттүн чиновниктери президентке жаман көрүнбөш үчүн тапшырманы аткарат. Ал эми мыйзам кагаз жүзүндө эле жазылган.

Кошумчалай кетсек, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы апрель айына чейин камакта отургандардын баарынын тизмесин текшерип чыгат. Андан кийин материалдарды сотко кайра карап чыгуусу үчүн жиберишет. Сот алты ай ичинде чечим чыгаруусу керектиги белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM