Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаковго дагы бир айып тагылды

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 782 | 0

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Тарых музейинин оңдоо-түзөө ишине байланыштуу  айып тагылды. Бул тууралуу УКМК дан билдиришти.

Маалыматка ылайык 2016-жылы кыргыз өкмөтү менен түрк өкмөтунүн алдындагы ТИКА компаниясынын ортосунда Тарых музейин реконструкциялоо жана жаңы экспозицияларды коюу боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык түрк тарап үч жыл ичинде буга 15 миллион долларлык гранттык каражатты бөлүп бермек.

«Бирок реконструкция ишине Сапар Исаков жана башка чиновниктер мыйзамсыз кийлигишип, оңдоп-түзөө ишин 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылышкан.  Натыйжада түрк тарап ишти улантуудан баш тартып, реконструкцияны бүтүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 520 млн сом коротулган»,-деп белгилейт УКМК.

Сапар Исаков музейдин реконструкциясын бүтүрүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды бузуп, өз алдынча немец компаниясы менен келишим түзгөн. Аталган чет элдик компания Тарых музейинин мазмунуна туура келбеген ички жасалгаларды жана буюмдарды койгон. Жасалган иштердин ашыкча кымбатка бааланышы, сатып алынган буюмдардын кымбаттыгы жана валютадагы курстан чыккан айырмадан улам келтирилген чыгым 101 миллион 690 миң 800 сомго барабар болду. Музейдин иши алигүнчө бүтпөй турат.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштерге байланыштуу камакка алынган. Ага 20 жыл абак жазасы суралууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM