Биз менен байланышыңыз

УКМК: Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда 95 млн сом зыян келтирилген  

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 644 | 0

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупциялык иш боюнча иликтөө аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов, Бишкек шаардык капиталдык курулуштун жетекчиси С.О. жана курулушка катышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш . жана С.А.  Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси боюнча айыпталууда.

Экс-мэрлердин жетекчилиги астында мектептин курулуш иштеринде бир канча коррупциялык иштерге жол берилген. Мектептин курулушунда тендер өткөрүлгөн эмес жана бөлүнгөн акча мыйзам бузуу менен которулган. Андан сырткары курулуштун долбоорунда дагы бир канча мыйзам бузуулар кетирилген.

660 окуучуга ылайыкташтырылган мектеп үчүн 2 млн. доллар сарпталган. Курулушка ТВЕА компаниясы тарабынан гранттык түрдө жана шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражат 114 млн сомду түзгөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 95 млн сом зыян келтирилгени аныкталган.

Учурда айыпталуучулар жана алардын жактоочулары кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатканы, андан кийин Башкы прокуратурага жөнөтүлөрү маалымдалды.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго ушул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Албек Ибраимовго “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренеси боюнча кине коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM